<iframe src="https://www.googletagmanager.com/ns.html?id=GTM-WXZBPZ" height="0" width="0" style="display:none;visibility:hidden"></iframe>
var gtmEventObject = {event: 'page_meta_ready'};window.dataLayer = window.dataLayer || [];window.dataLayer.push(gtmEventObject);
var renderGtm = "true";
if (renderGtm === "true") {
(function(w,d,s,l,i){w[l]=w[l]||[];w[l].push({'gtm.start':new Date().getTime(),event:'gtm.js'});var f=d.getElementsByTagName(s)[0],j=d.createElement(s),dl=l!='dataLayer'?'&l='+l:'';j.async=true;j.src='//www.googletagmanager.com/gtm.js?id='+i+dl;f.parentNode.insertBefore(j,f);})(window,document,'script','dataLayer','GTM-WXZBPZ');
}
var utag_data = Object.assign({}, analyticsData, {pub_year:"2026",pub_month:"09",pub_day:"14",pub_hour:"07",pub_weekday:"Monday"});
if(typeof(TealiumTagFrom)==='function' && typeof(TealiumTagSearchKeyword)==='function') {
var utag_from=TealiumTagFrom();var utag_searchKeyword=TealiumTagSearchKeyword();
if(utag_searchKeyword!=null && utag_searchKeyword!=='' && utag_data["search_keyword"]==null) utag_data["search_keyword"]=utag_searchKeyword;if(utag_from!=null && utag_from!=='') utag_data["from"]=TealiumTagFrom();}
if(window.top!== window.self&&utag_data.page_type==="snippet"){utag_data.page_type = 'iframe';}
try{if(window.top!==window.self&&window.self.location.hostname===window.top.location.hostname){utag_data.platform = 'self-embed';utag_data.platform_short = 'se';}}catch(e){if(window.top!==window.self&&window.self.location.search.includes("platformType=self-embed")){utag_data.platform = 'cross-promo';utag_data.platform_short = 'cp';}}
(function(a,b,c,d){ a="https://tags.azattyk.org/rferl-pangea/prod/utag.js"; b=document;c="script";d=b.createElement(c);d.src=a;d.type="text/java"+c;d.async=true; a=b.getElementsByTagName(c)[0];a.parentNode.insertBefore(d,a); })();
<img style="position: absolute; border: none;" src="https://ssc.azattyk.org/b/ss/bbgprod,bbgentityrferl/1/G.4--NS/995830059?pageName=rfe%3akyr%3aw%3aarticle%3a%2275%d1%87%d0%b8%d0%bb%d0%b5%d1%80%20%d0%b8%d1%88%d0%b8%22%20%d0%b1%d0%be%d1%8e%d0%bd%d1%87%d0%b0%20%d1%81%d0%be%d1%82%20%d3%a9%d0%ba%d2%af%d0%bc%d2%af%3a%20%d0%a2%d0%b0%d1%88%d0%b8%d0%b5%d0%b2%d0%b4%d0%b8%d0%bd%20%d0%b0%d0%b4%d0%b2%d0%be%d0%ba%d0%b0%d1%82%d1%8b%20%d0%91%d0%b0%d1%88%d0%ba%d1%8b%20%d0%bf%d1%80%d0%be%d0%ba%d1%83%d1%80%d0%b0%d1%82%d1%83%d1%80%d0%b0%d0%b3%d0%b0%20%d0%b4%d0%b0%d1%82%d1%82%d0%b0%d0%bd%d0%b4%d1%8b%20&c6=%2275%d1%87%d0%b8%d0%bb%d0%b5%d1%80%20%d0%b8%d1%88%d0%b8%22%20%d0%b1%d0%be%d1%8e%d0%bd%d1%87%d0%b0%20%d1%81%d0%be%d1%82%20%d3%a9%d0%ba%d2%af%d0%bc%d2%af%3a%20%d0%a2%d0%b0%d1%88%d0%b8%d0%b5%d0%b2%d0%b4%d0%b8%d0%bd%20%d0%b0%d0%b4%d0%b2%d0%be%d0%ba%d0%b0%d1%82%d1%8b%20%d0%91%d0%b0%d1%88%d0%ba%d1%8b%20%d0%bf%d1%80%d0%be%d0%ba%d1%83%d1%80%d0%b0%d1%82%d1%83%d1%80%d0%b0%d0%b3%d0%b0%20%d0%b4%d0%b0%d1%82%d1%82%d0%b0%d0%bd%d0%b4%d1%8b%20&v36=8.48.0.0.391&v6=D=c6&g=https%3a%2f%2fwww.azattyk.org%2fa%2f33851737.html&c1=D=g&v1=D=g&events=event1,event52&c16=rferl%20kyrgyz&v16=D=c16&c5=ky-politics&v5=D=c5&ch=%d0%a1%d0%b0%d1%8f%d1%81%d0%b0%d1%82&c15=kyrgyz&v15=D=c15&c4=article&v4=D=c4&c14=33851737&v14=D=c14&v20=no&c17=web&v17=D=c17&mcorgid=518abc7455e462b97f000101%40adobeorg&server=www.azattyk.org&pageType=D=c4&ns=bbg&v29=D=server&v25=rfe&v30=419&v105=D=User-Agent " alt="analytics" width="1" height="1" />
Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Алдыга
Жабуу
Артка
Алдыга
Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
басып көрүңүз
Принтерден чыгаруу:
Сүрөттөр
Multimedia
Тиркелген мазмун
Комментарийлер
кайра артка
Принтер
Шилтеме көчүрүлдү
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
Издөө
if (document.body.className.indexOf('pg-home') > -1) {
var nav2In = document.querySelector('.hdr-20__inner');
var nav2Sec = document.querySelector('.hdr-20__side--secondary');
var secStyle = window.getComputedStyle(nav2Sec);
if (nav2In && window.pageYOffset < 150 && secStyle['position'] !== 'fixed') {
nav2In.classList.add('hdr-20__inner--big')
}
}
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05
Саясат
"75чилер иши" боюнча сот өкүмү: Ташиевдин адвокаты Башкы прокуратурага даттанды
1 саат мурда
"75чилер иши" боюнча сот өкүмү: Ташиевдин адвокаты Башкы прокуратурага даттанды
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Бизди Google'дан табыңыз
"75чилер каты" боюнча сот жообуна тартылган сегиз адам. Коллаж.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Ал айыпталуучулар башка иштин негизинде күнөөлүү деп табылып, укуктук негизде коргонууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтууда.
Икраимидин Айткулов Башкы прокуратурага жолдогон катын Фейсбуктагы баракчасына 14-сентябрда жарыялады. Анда ал биринчи инстанциядагы сот Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучуларды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы боюнча актап, “бийликти күч менен басып алууга даярдык” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканын, мындай берене менен сотко чейинки териштирүүдө жана сотто кылмыш ишин кароо учурунда айыптоонун предмети аныкталганын белгилеген.
Икрамидин Айткулов
Бирок шаардык сотто Адис Момуналиев баштаган коллегиянын Ташиев баш болгон айыпталуучулардын беренесин Кылмыш кодексинин "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырганы түшүнүксүз болгонун адвокат билдирүүдө. Мындан улам айыпталуучулар бул берене боюнча сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын жүйө келтирген.Мындан улам Икрамидин Айткулов баш прокурор Малик Бектургановго кайрылып, буш ишти караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын үстүнөн тергөөгө чейин териштирүү жүргүзүп, тиешелүү укуктук баа берүүнү суранган.
initInfographicsParams(
{
params:[{"Name":"src","Value":"src::https://www.facebook.com/plugins/post.php?href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fpermalink.php%3Fstory_fbid%3Dpfbid0jvQauMGjtTAN41sxih2Fd5RZrUv8bcJw3gkbseEixvfyyRADyVi2wQh8NiRD4f5Al%26id%3D100002695639173&show_text=true&width=500||width::500||height::250","DefaultValue":"","HtmlEncode":false,"Type":"HTML"}],
isMobile:true
});
(function (d) {
var userInput = Infographics.Param["src"],
thisSnippet = (d.getElementsByClassName ? d.getElementsByClassName("facebookSnippet") : d.querySelectorAll(".facebookSnippet"))[0],
render = function () {
if(userInput.substring(0,5) === "src::" || userInput.substring(0,7) == "width::" || userInput.substring(0,8) == "height::"){
var ifrm = document.createElement("iframe");
var attributes = userInput.split("||");
for (i = 0; i < attributes.length; i++) {
var pair = attributes[i].split("::");
ifrm.setAttribute(pair[0], pair[1]);
}
ifrm.setAttribute("allowfullscreen", "true");
ifrm.setAttribute("allowTransparency", "true");
ifrm.setAttribute("style", "border:none;overflow:hidden;");
ifrm.setAttribute("scrolling", "no");
ifrm.setAttribute("frameborder", "0");
var container = thisSnippet.parentNode;
container.style.width = "100%";
var newWidth = container.offsetWidth > 500 ? 500 : container.offsetWidth;
ifrm.setAttribute("width", newWidth);
thisSnippet.appendChild(ifrm);
} else {
var url, jsLocale,
container = thisSnippet.parentNode,
sId = "facebook-jssdk",
legacyUrlMatch = /data-href=(?:"|')([^"']+)(?:"|')/gi.exec(userInput),
fbParse = function () {
if (window.FB) {
window.FB.XFBML.parse(thisSnippet);
return true;
} else
return false;
};
container.style.width = "100%";
if (legacyUrlMatch && legacyUrlMatch.length === 2 && legacyUrlMatch[1].indexOf("https://www.facebook.com") === 0) { //legacy - complete embed code
url = encodeURI(legacyUrlMatch[1]);
var jsLocaleMatch = /\/\/connect.facebook.net\/([a-zA-Z_]+)\/all\.js/gi.exec(userInput);
jsLocale = jsLocaleMatch && jsLocaleMatch.length === 2 ? jsLocaleMatch[1] : "en_US";
} else { //new - url|locale
var sp = userInput.split("|");
url = sp[0];
jsLocale = sp[1];
}
if (!url || !jsLocale) {
thisSnippet.innerHTML = "Facebook Embed Code is Invalid or Incomplete.";
return;
}
if (!window.FB && !d.getElementById(sId)) { //async request FB API
var js, firstJs = d.getElementsByTagName("script")[0];
js = d.createElement("script");
js.id = sId;
js.src = "//connect.facebook.net/" + jsLocale + "/all.js#xfbml=1";
firstJs.parentNode.insertBefore(js, firstJs);
}
var newWidth = container.offsetWidth > 500 ? 500 : container.offsetWidth;
thisSnippet.innerHTML = (!d.getElementById("fb-root") ? "<div id=\"fb-root\">" : "") + "</div><div class=\"fb-post\" data-href=\"" + url + "\" data-width=\"" + newWidth + "\"><div class=\"fb-xfbml-parse-ignore\"></div></div>";
//parse XFBML, because it is not nativelly working onload
if (!fbParse()) {
var c = 0,
FBParseTimer = window.setInterval(function () {
c++;
if (fbParse())
clearInterval(FBParseTimer);
if (c === 20) { //5s max
thisSnippet.innerHTML = "Facebook API failed to initialize.";
clearInterval(FBParseTimer);
}
}, 250);
}
}
};
thisSnippet.className = "facebookSnippetProcessed";
thisSnippet.style = "display:flex;justify-content:center;";
if (d.readyState === "uninitialized" || d.readyState === "loading")
window.addEventListener("load", render);
else //liveblog, ajax
render();
})(document);
10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулгандуу иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, айыпталуучуларга карата “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.Шаардык сот, Жогорку сот, Башкы прокуратура адвокат Айткуловдун кайрылуусу тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бул иштин алкагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов айыпталган.Соттун өкүмүнөн соң айыпталуучулар мындай чечимге макул эместигин билдиришкен. Айыпталуучулардын бири, экс-депутат Курсан Асанов шаардык соттун өкүмүнө каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин айткан:
Курсан Асанов
"Биздин кыймыл-аракетибизде кылмыштын “к” тамгасы да жок. Баары ойдон чыгарылган жомок деп эсептейм. Ошондуктан өкүмгө сөзсүз даттанабыз. Мага коюлган берене такыр түшүнүксүз болуп калды".Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков тергөөдө коюлган айыптар сотто далилденбегенин айтууда:
Бекболот Талгарбеков
"Бизге коюлган баштапкы кинени далилдеп бергиле дедик, далилдей алышкан жок. Ал берене кетти. Райондук сотто бизге мамлекеттик төңкөрүш кылмаксыңар деп кине койду. Далилдеп бергиле дедик, далилденген жок, ал да кетти. Эми бизге шайлоого тоскоол кылмаксыңар деп эки жылдык пробация берип жатат. Биз шайлоого кантип тоскоол болорубузду түшүнгөн жокпуз".Шаардык сот айыпталуучуларга коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесин ("Бийликти күч менен басып алуу") 195-беренеге (“Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”) алмаштырган. Бул беренеге ылайык, конфискация талабы жокко чыккан.Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов сот чечими чыккандан кийин буларды билдирген: "Биз таң калдык. Такыр мыйзамсыз, негизсиз өкүм. Алардын иштеги беренени, анын негизин түп тамырынан өзгөртүп салууга укугу жок болчу. Бул такыр коошпойт. Бул беренеде мүлктү конфискациялоо боюнча талап жок".Шаардык соттогу процесстер жабык өтүп, жада калса соттор коллегиясы өкүмдү окуган учурда да журналисттер сот залына киргизилген жок.Мекеменин маалымат кызматы муну соттор коллегиясынын чечими менен түшүндүрдү.Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин адвокаты Жоомарт Аширбаев соттун чечимин саясий мүнөздө деп бааласа болот деген пикири менен бөлүштү."Соттун бул оор беренелерден 195-беренеге өткөнү алардын оор кылмыштарга негизсиз айыпталганынын далили болуп жатат. Жеке пикирим, саясий чечим деп ойлойм".
<img src="https://gdb.rferl.org/9867b243-363b-46db-81fb-08def2afcceb_w100_r1.jpg" alt=""Ырыс ордонун" ачылышына "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталгандар да чакырылды.">
Дагы караңыз
"Ырыс ордодогу" ынтымакка чакырык, шайлоо жышааны жана "75чилер иши"
Быйыл 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.Сот ушул эле берене менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот аларга үч жылдык пробация чечимин чыгарып, камакка алган эмес.Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробация берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган. Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам - Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.Райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна прокуратура да, шектүүлөр да апелляциялык арыз берген.
<img src="https://gdb.rferl.org/49a558e8-a810-4401-2e09-08decd1f5434_cx0_cy18_cw0_w100_r1.jpg" alt="Чуулгандуу катка байланыштуу окуялардан кийин козголгон иш боюнча райондук соттун өкүмү 2026-жылы 2-июлда чыккан. Биринчи май райондук соту ">
Дагы караңыз
"75чилердин" иши: Адвокаттар айыпталуучуларды актоону, судьяга чара көрүүнү өтүндү
7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.Башкы көзөмөл органы "75чилер каты" боюнча соңку чечимге азырынча комментарий бере элек. 9-сентябрда башкы прокурор Малик Бектурганов маалымат каражаттарына маегинде тергөө ар тараптуу жүргүзүлгөнүн, иш негиздүү экенин билдирген. Ал тогуз жыл деген жаза мөөнөтү ошонун негизинде суралганын белгилеп: "Кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз да. Биздин позициябыз бир эле", - деген.Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова укуктук жагынан алганда бүгүнкү өкүм ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди:
Клара Сооронкулова
"Буга чейинки аракеттери бул беренеге жатпайт. Андай аракет болгон эмес. Кандайдыр бир жумшартуу максатында жасалдыбы? Соттор өз ыктыяры менен жасадыбы же бийлик менен компромисс болдубу? Эң негизгиси, булар мурунку тагылган айыптан, тагыраагы, “Бийликти басып алуу” деген айыптан акталды десек болот. Ал эми азыркы өкүм окшошпой калды. Укуктук жактан алганда, булар акталышы керек болчу. Анткени ал жерде аракет деле жок".Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Ал коюлган айыптарды четке каккан.Жапаров 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.Ташиев күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген."75чилер каты" боюнча шаардык соттогу процесс өлкөдөгү көңүл борборунда болгон саясий окуяга айланды. Катка кол койгон бир нече коомдук-саясий ишмер күбө катары көрсөтмө берди.Райондук соттун чечиминен кийин Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуу ниети болбогонун, саясий өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын ачык билдирген. Анын мындай кадамын талдоочулар эки тараптын мунасасы катары мүнөздөшкөн.
"75чилер иши" боюнча сот өкүмү: Ташиевдин адвокаты Башкы прокуратурага даттанды
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Катталыңыз
Facebook
X (Twitter)
Youtube
Instagram
Катталыңыз
Принтер
Куржундар
Кыргызстан
Саясат
Эркиндик
Коопсуздук
Макалалар архиви
Тектеш
"75чилер иши": Шаардык сот чечими эмнени билдирет?
"75чилердин иши": Прокурорлор тогуз жыл абак жазасын сурады
Матраимовдун тою саясий элитанын жүзүн көрсөттүбү?
Президенттик шайлоо жараяны: мөөнөтү, талапкерлер
"Президенттик шайлоодо атаандаштык болобу?" Абактагы саясатчы Жээнбеков суроо салды
"Ырыс ордодогу" ынтымакка чакырык, шайлоо жышааны жана "75чилер иши"
"Өз оюмду айткам". Мавлян Аскарбековдун иши сотко өттү
Орунбековдун тизмеси: Милиция териштирүү баштадыбы?
"75чилер иши": Бишкек соту беренени алмаштырып, жаза мөөнөтүн кыскартты
Шерине
Жабуу
var disqus_config = function () {
this.page.url = 'https://www.azattyk.org/a/33851737.html';
this.page.identifier = '33851737';
};
(function() {
var d = document, s = d.createElement('script');
s.src = 'https://rfe-ky-kg-7.disqus.com/embed.js';
s.setAttribute('data-timestamp', +new Date());
(d.head || d.body).appendChild(s);
})();
Please enable JavaScript to view the
<a href="https://disqus.com/?ref_noscript" rel="nofollow">
comments powered by Disqus.
</a>
Жабуу
Онлайн шерине
Биз жөнүндө
Блоктолгон сайтты ачуу
Биз жөнүндө
Эрежелер
Азаттык - WhatsApp
Азаттыктын тиркемеси
Вакансиялар
"Азаттык" менен байланыш
"Азаттыктын" сандыгы
Тилим - дилим
Азаттык үналгысы © 2026 RFE/RL, Inc. Бардык укуктар корголгон.
if (!isPreviewPage) {
window.OneSignalDeferred = window.OneSignalDeferred || [];
OneSignalDeferred.push(function(OneSignal) {
OneSignal.init({
appId: "3525e4c0-4751-4122-bd00-60b5b643df40",
});
});
}
// opera mini - disable ico font
if (navigator.userAgent.match(/Opera Mini/i)) {
document.getElementsByTagName("body")[0].className += " can-not-ff";
}
// mobile browsers test
if (typeof RFE !== 'undefined' && RFE.isMobile) {
if (RFE.isMobile.any()) {
document.getElementsByTagName("body")[0].className += " is-mobile";
}
else {
document.getElementsByTagName("body")[0].className += " is-not-mobile";
}
}
XS
SM
MD
LG
var bar_data = {
"apiId": "33851737",
"apiType": "1",
"isEmbedded": "0",
"culture": "ky-KG",
"cookieName": "cmsLoggedIn",
"cookieDomain": "www.azattyk.org"
};