<iframe src="https://www.googletagmanager.com/ns.html?id=GTM-WXZBPZ" height="0" width="0" style="display:none;visibility:hidden"></iframe>
var gtmEventObject = {event: 'page_meta_ready'};window.dataLayer = window.dataLayer || [];window.dataLayer.push(gtmEventObject);
var renderGtm = "true";
if (renderGtm === "true") {
(function(w,d,s,l,i){w[l]=w[l]||[];w[l].push({'gtm.start':new Date().getTime(),event:'gtm.js'});var f=d.getElementsByTagName(s)[0],j=d.createElement(s),dl=l!='dataLayer'?'&l='+l:'';j.async=true;j.src='//www.googletagmanager.com/gtm.js?id='+i+dl;f.parentNode.insertBefore(j,f);})(window,document,'script','dataLayer','GTM-WXZBPZ');
}
var utag_data = Object.assign({}, analyticsData, {pub_year:"2026",pub_month:"09",pub_day:"10",pub_hour:"03",pub_weekday:"Thursday"});
if(typeof(TealiumTagFrom)==='function' && typeof(TealiumTagSearchKeyword)==='function') {
var utag_from=TealiumTagFrom();var utag_searchKeyword=TealiumTagSearchKeyword();
if(utag_searchKeyword!=null && utag_searchKeyword!=='' && utag_data["search_keyword"]==null) utag_data["search_keyword"]=utag_searchKeyword;if(utag_from!=null && utag_from!=='') utag_data["from"]=TealiumTagFrom();}
if(window.top!== window.self&&utag_data.page_type==="snippet"){utag_data.page_type = 'iframe';}
try{if(window.top!==window.self&&window.self.location.hostname===window.top.location.hostname){utag_data.platform = 'self-embed';utag_data.platform_short = 'se';}}catch(e){if(window.top!==window.self&&window.self.location.search.includes("platformType=self-embed")){utag_data.platform = 'cross-promo';utag_data.platform_short = 'cp';}}
(function(a,b,c,d){ a="https://tags.azattyk.org/rferl-pangea/prod/utag.js"; b=document;c="script";d=b.createElement(c);d.src=a;d.type="text/java"+c;d.async=true; a=b.getElementsByTagName(c)[0];a.parentNode.insertBefore(d,a); })();
<img style="position: absolute; border: none;" src="https://ssc.azattyk.org/b/ss/bbgprod,bbgentityrferl/1/G.4--NS/37032905?pageName=rfe%3akyr%3aw%3aarticle%3a%d0%96%d1%83%d1%80%d0%bd%d0%b0%d0%bb%d0%b8%d1%81%d1%82%20%d0%9c%d0%b0%d1%85%d0%b0%d0%b1%d0%b0%d1%82%20%d0%a2%d0%b0%d0%b6%d0%b8%d0%b1%d0%b5%d0%ba%20%d0%ba%d1%8b%d0%b7%d1%8b%20%d1%81%d0%be%d1%82%d1%82%d0%be%20%d1%81%d1%83%d1%80%d0%b0%d0%ba%20%d0%b1%d0%b5%d1%80%d2%af%d2%af%d0%b4%d3%a9%d0%bd%20%d0%b1%d0%b0%d1%88%20%d1%82%d0%b0%d1%80%d1%82%d1%82%d1%8b&c6=%d0%96%d1%83%d1%80%d0%bd%d0%b0%d0%bb%d0%b8%d1%81%d1%82%20%d0%9c%d0%b0%d1%85%d0%b0%d0%b1%d0%b0%d1%82%20%d0%a2%d0%b0%d0%b6%d0%b8%d0%b1%d0%b5%d0%ba%20%d0%ba%d1%8b%d0%b7%d1%8b%20%d1%81%d0%be%d1%82%d1%82%d0%be%20%d1%81%d1%83%d1%80%d0%b0%d0%ba%20%d0%b1%d0%b5%d1%80%d2%af%d2%af%d0%b4%d3%a9%d0%bd%20%d0%b1%d0%b0%d1%88%20%d1%82%d0%b0%d1%80%d1%82%d1%82%d1%8b&v36=8.48.0.0.391&v6=D=c6&g=https%3a%2f%2fwww.azattyk.org%2fa%2f33851444.html&c1=D=g&v1=D=g&events=event1,event52&c16=rferl%20kyrgyz&v16=D=c16&c5=ky-news&v5=D=c5&ch=%d0%96%d0%b0%d2%a3%d1%8b%d0%bb%d1%8b%d0%ba%d1%82%d0%b0%d1%80&c15=kyrgyz&v15=D=c15&c4=article&v4=D=c4&c14=33851444&v14=D=c14&v20=no&c17=web&v17=D=c17&mcorgid=518abc7455e462b97f000101%40adobeorg&server=www.azattyk.org&pageType=D=c4&ns=bbg&v29=D=server&v25=rfe&v30=419&v105=D=User-Agent " alt="analytics" width="1" height="1" />
Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Алдыга
Жабуу
Артка
Алдыга
Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
басып көрүңүз
Принтерден чыгаруу:
Сүрөттөр
Multimedia
Тиркелген мазмун
Комментарийлер
кайра артка
Принтер
Шилтеме көчүрүлдү
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
Издөө
if (document.body.className.indexOf('pg-home') > -1) {
var nav2In = document.querySelector('.hdr-20__inner');
var nav2Sec = document.querySelector('.hdr-20__side--secondary');
var secStyle = window.getComputedStyle(nav2Sec);
if (nav2In && window.pageYOffset < 150 && secStyle['position'] !== 'fixed') {
nav2In.classList.add('hdr-20__inner--big')
}
}
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05
Жаңылыктар
Журналист Махабат Тажибек кызы сотто сурак берүүдөн баш тартты
4 саат мурда
Журналист Махабат Тажибек кызы сотто сурак берүүдөн баш тартты
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Бизди Google'дан табыңыз
Махабат Тажибек кызы.
Эркин журналисттик иликтөө менен алектенген Махабат Тажибек кызынын адвокаты соттон күбөлөрдү жана айыпталуучуну суроо тартибин өзгөртүүнү өтүндү. Бул тууралуу жактоочу Акынбек Ногоев "Азаттыкка" кабарлады. 9-сентябрда Бишкектин Ленин райондук соту журналистке козголгон кылмыш ишин кароону улантты. Жактоочунун айтымында, Тажибек кызы күбөлөр жана эксперттер суралгандан кийин сүйлөй турганын айтып, сурак берүүдөн баш тартты."Махабат Тажибек кызы коюлуп жаткан күнөөнү мойнуна алган жок. Ошондуктан бардык күбөлөрдү, эксперттерди сурагандан кийин сүйлөйбүз десек сот болбой койгон. Акыркы жолу биздин, прокурордун пикирибизди эске албай туруп сот өзү биринчи Тажибек кызын сурайбыз деген тартипти киргизип койгон. Биз сотко четтетүү жарыяладык, ал канааттандырылган жок. Бирок Махабат бардык күбөлөр, эксперттер суралганда анан сүйлөйм деп баш тартты, анан тарап кеттик", - деди Ногоев.Кийинки соттук отурум 15-сентябрга белгиленди.Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарган. Журналист ага чейин Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.25-августта Ленин райондук сотунда ишти кайра кароо боюнча биринчи отурум өткөн. Анда адвокат Ногоев Махабат Тажибек кызына эл аралык The Albies сыйлыгын алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берүүнү сурап, ишти карап жаткан судья Темир Маматов аны канааттандырган эмес. “Адилеттик үчүн” Клуни фондунун (CFJ) сыйлыгы 7-октябрда тапшырылат.Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Кыргызстанда экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 10-мартта журналистке чыккан сот өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.Тemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти, активистти жана кызматкерди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан. (КЕ)
Дагы караңыз
"Кемпирабадчы" Тимур Махмудов ИИМге чакырылгандан кийин соцтармактагы видеосун өчүрдү
Кыргызстан чет элдиктердин өлкөдө жүрүү эрежелерин катаалдатты
Түркияда кармалган Эрмек Сабыржановго Кыргызстанга кайтууга уруксат берилди
Бир катар ишмерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды
Журналист Махабат Тажибек кызы сотто сурак берүүдөн баш тартты
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Бөлүшүңүз
Шилтемени көчүрүп алуу
Facebook
X (Twitter)
WhatsApp
WhatsApp
Telegram
Email
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз
Катталыңыз
Facebook
X (Twitter)
Youtube
Instagram
Катталыңыз
Принтер
Шерине
Жабуу
var disqus_config = function () {
this.page.url = 'https://www.azattyk.org/a/33851444.html';
this.page.identifier = '33851444';
};
(function() {
var d = document, s = d.createElement('script');
s.src = 'https://rfe-ky-kg-7.disqus.com/embed.js';
s.setAttribute('data-timestamp', +new Date());
(d.head || d.body).appendChild(s);
})();
Please enable JavaScript to view the
<a href="https://disqus.com/?ref_noscript" rel="nofollow">
comments powered by Disqus.
</a>
Жабуу
Онлайн шерине
Биз жөнүндө
Блоктолгон сайтты ачуу
Биз жөнүндө
Эрежелер
Азаттык - WhatsApp
Азаттыктын тиркемеси
Вакансиялар
"Азаттык" менен байланыш
"Азаттыктын" сандыгы
Тилим - дилим
Азаттык үналгысы © 2026 RFE/RL, Inc. Бардык укуктар корголгон.
if (!isPreviewPage) {
window.OneSignalDeferred = window.OneSignalDeferred || [];
OneSignalDeferred.push(function(OneSignal) {
OneSignal.init({
appId: "3525e4c0-4751-4122-bd00-60b5b643df40",
});
});
}
// opera mini - disable ico font
if (navigator.userAgent.match(/Opera Mini/i)) {
document.getElementsByTagName("body")[0].className += " can-not-ff";
}
// mobile browsers test
if (typeof RFE !== 'undefined' && RFE.isMobile) {
if (RFE.isMobile.any()) {
document.getElementsByTagName("body")[0].className += " is-mobile";
}
else {
document.getElementsByTagName("body")[0].className += " is-not-mobile";
}
}
XS
SM
MD
LG
var bar_data = {
"apiId": "33851444",
"apiType": "1",
"isEmbedded": "0",
"culture": "ky-KG",
"cookieName": "cmsLoggedIn",
"cookieDomain": "www.azattyk.org"
};